Ссылки доступа

Дин тутуудагы чектөөлөр үчүн Тажикстан «өзгөчө кооптуу» өлкө аталды


АКШнын Дин тутуу боюнча комиссиясы (USCIRF) тажик бийлигин мусулмандарга эле эмес, протестанттык жана христиандык «Иеговонун күбөлөрүнө» да диний тоскоолдуктарды түзгөндүгү үчүн сынга алып, Тажикстанды «өзгөчө кооптуу» өлкөлөрдүн катарына киргизди.

Комиссиянын отчету 10-августта жарыяланды. Анда Тажикстандын бийлиги Дин тутуу эркиндиги маселелери боюнча БУУнун атайын баяндамачысы менен Көз карандысыз юстиция уюмунун өкүлүнүн өлкөгө баруусуна бардык тиешелүү чараларды көрүшү керектиги боюнча талаптар жазылган.

АКШнын дин тутуу боюнча комиссиясы тажик бийлиги айрым аткаминерлердин «Салафия» жана шиизм боюнча кайрылууларына тынчсызданып жатканын билдирди. Отчетто арасында экстремисттер жана кылмышкердин бар экендигине байланыштуу бийлик динге ишенгендер менен мечиттерди катуу көзөмөлгө алгандыгы жазылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү дин тутууда чектөөлөрдүн бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке какты. Башкы прокуратуранын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мадризо Халифаев дин ишеними үчүн эч ким кармалбаганын, камакка алынган жана соттолгондордун бардыгы тең тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар деп айыпталгандар экенин билдирди.

Тажикстан 2009-жылдан бери, өзгөчө дин тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин дайыма эл аралык уюмдар менен батыш өлкөлөрүнүн сынына кабылып келет. Алар бийликти мечиттерди жапкандыгы, хиджаб кийүүгө тыюу салгандыгы жана массалык түрдө кармоолоду жасап жаткандыгы үчүн сындашууда.

XS
SM
MD
LG