Ссылки доступа

ФСБ украиналык чалгынчы делген адамдын көрсөтмөсүн жарыялады


Федералдык коопсуздук кызматы Крымда террордук актыларды уюштурууга даярданган деген шек менен кармалган Украинанын жараны Евгений Пановдун күнөөсүн мойнуна алган видеосун жарыялады.

Пановдун айтымында, жарым аралга жашыруун кирген топтун курамында украин чалгындоо кызматынын офицерлери болгон. Бирок ал алардын аты-жөндөрүн атаган эмес.

Жикчилдерге каршы согуштук аракеттерге катышкан делген Панов видеодо Киевге чакырылып, анда Крым аймагында (паром өткөрүү жайлары, химиялык завод, мунай базасы жана объектилерде) террордук актыларды уюштуруу тобун түзүү иштерин жетектегенин айткан. Ал операциянын жүрүшүндө орусиялык аскер формалары пайдаланылганын, даярдык көрүү маалында Армянск шаарында курал-жарактар менен жардыруучу заттар катылган жашыруун жер болгонун айтты.

Буга чейин Орусия ТИМи Крымда кармалган экинчи адамдын атын атаган — ал Андрей Захтей болгон. Мекеменин билдирүүсүндө Украина менен Орусиянын жарандары кармалганы жазылган. Орусия атайын кызматтарынын Крымдагы операциясы "Украин Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын чалгындоосун жоюу» деп аталган.

Ошол эле күнү украин Башкы штабынын басма сөз катчысы Владислав Селезнев орусиялык аскерлердин Крымдагы позицияларын бекемдеп жатышына жооп катары чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Селезнев украин аскерлери президент Петр Порошенконун буйруктарын аткарып жаткандыгын белгилеген.

Украина ТИМи эл аралык уюмдарды «Кремлдин чагымдарына» реакция жасоого, ЕККУну Крым менен чектешкен аймактагы миссияларын көбөйтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG