Ссылки доступа

Жүздөй өзбекстандык Стамбулдан депортация болуу коркунучунда


Стамбулда акыркы бир нече күндө Борбор Азиядан чыккан 140тай адам кармалды. “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, көпчүлүгү Өзбекстан жарандары жана алар Түркиядан депортация болуу коркунучунда турат.

Түркиянын коопсуздук күчтөрү 29-июнда алгачкы рейд учурунда эле Стамбулда 29 Өзбекстан атуулун кармады. Андан соң дагы 100дөй өзбек мигранты полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Өзбекстандын Элдик кыймылынын маалыматы боюнча кармалгандардын 80 пайызы кайра кое берилген, алардын 40ына Түркиядан бир айдын аралыгында чыгып кетүү талабы коюлган.

Түркияда жашаган, өзбек оппозициялык “Эрк” партиясынын лидери Мухаммад Салихтин айтымында, учурда Стамбулдун Кумкапы районунда 60 адам депортациялык борбордо кармалып турат.

– Алардын ичинен 4 киши – Тажикстан жараны, 6 киши – Кыргызстан атуулу, 9у орусиялык болсо, 1 казакстандык бар. Калгандары – өзбектер. 40 адамды бир ай аралыгында Түркиядан чыгып кетүү боюнча шарт коюп бошотушту,- деди Мухаммад Салих.

Анын айтымында, Түркияда кармалгандардын көбү диний себептерден улам мекенин ташап кетүүгө арагасыз болушкан. Ошондуктан алардын депортация болуусуна жол бербөө керек дейт өзбек оппозиционери.

XS
SM
MD
LG