Ссылки доступа

Майкл Фелпс эки миң жыл мурда коюлган рекордду жаңылады


Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимпиадада өзүнүн 22-алтын медалын утуп алган америкалык суучул Майкл Фелпс байыркы грек олимпиадачысы Леонид Родосскийдин 2000 жыл мурда орноткон рекордун жаңылай алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин легендардуу америкалык спортчунун эки жүз метрлик аралыкка комплекстүү сүзүү боюнча жарышта биринчи орун алганы кабарланган. Ал жеңиш Фелпс үчүн Олимп оюндарындагы жеке мелдештерде жетишкен 13-жеңиши болуп калган.

Жеңил атлетиканын чуркоо түрү менен алектенген байыркы спортчу Леонид Родосский 12 жолу жеңишке жеткен. Ал биздин заманга чейинки 164-152-жылдар аралыгында төрт Олимпиада оюнуна катышкан. Ал буга чейин эң көп жеңишке жеткен олимпиадачы деп эсептелип келген.

Майкл Фелпс — 22 олимиадалык «алтын» утуп алууга жетишкен жалгыз спортчу. Америкалыктын эсебинде жалпысынан олимп оюндарынын 26 медалы бар.

31 жаштагы спортчу үчүн Риодогу Олимпиада акыркысы болот. Фелпс чоң спорттон Лондондо өткөн 2012-жылдагы оюндардан кийин эле кетүү каалоосун билдирген, бирок мелдештерге 2014-жылдын апрелинде кайра кайтып келген.

XS
SM
MD
LG