Ссылки доступа

Орусия "Тажик эмгек мигранттары" кыймылынын ишмердүүлүгүн токтотту


Орусиянын Жогорку соту "Тажик эмгек мигранттары" кыймылын уставында каталар бар жана съездинин документтери туура эмес толтурулган деп айыптап, ишмердүүлүгүн токтотту.

Ошондой эле сот уюмдун макамы так аныкталбаганын белгиледи. Соттун пикиринде, «Тажик эмгек мигранттары» кыймылы Орусияда 43 өкүлчүлүккө ээ болушу керек болсо, учурда анын 38 гана өкүлчүлүгү бар.

Уюмдун жетекчиси Каромат Шарифов Орусиянын Жогорку сотунун дооматтарын алсыз жана ынанымсыз деп эсептейт. Ал жалпы уюмдун ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн Адам укуктары боюнча европалык сотко чейин баруу ниетинде.

Шарифов уюмду жабуу маселеси анын ачык иштөөсүнө, ошондой эле айрым орус түзүмдөрү менен Москвадагы Садовод жана Люблино базарларындагы уюшкан кылмыштуу топторду сынга алып келгендигине байланыштуу экенине ишенет. Аталган базарларда тажик эмгек мигранттарын иштетип, эмгек акыларын төлөбөй келишкен.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги «Тажик эмгек мигранттары» кыймылы жалпы орусиялык уюм катары катталбаганын, ошондуктан элчилик анын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө укуктуу эмес экенин билдирүүдө. Кыймыл 2001-жылы «Тажик-диаспора» деген аталыш менен түзүлгөн. Убакыттын өтүшү менен уюмдун ишмердүүлүгү кеңейип, 2008-жылы «Тажик эмгек мигранттары» деп кайра катталган.

XS
SM
MD
LG