Ссылки доступа

АКШ вице-президенти Жо Байден Түркияга келет


АКШнын вице-президенти Жо Байден 22-августта Түркияга келерин түрк өкмөтүнүн башчысы Бинали Йылдырым журналисттерге билдирди. Сапар учурунда аскердик төңкөрүш уюштуруу аракетине күнөөлөнүп жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүленди экстрадициялоо маселеси талкууланары күтүлүүдө.

Байдендин сапары Анкара менен Батыш ортосунда талаш күч алган кезге туш келүүдө. Түркияда өткөн айда аскерий төңкөрүш аракети жасалгандан кийин он миңдеген адамдардын камалышын Батыш кескин айыптап чыккан.

Президент Режеп Тайып Эрдоган төңкөрүш жасоонун артында азыр АКШда бозгунда жүргөн диний аалым Фетхуллах Гүлен турганын айткан. Бирок Вашингтон аны Анкарага берүүгө макул болбогонун сындаган жана Түркия менен АКШ кызматташтыгынын келечегине ишенбестигин белгилеген.

Гүлен төңкөрүш уюштурууга катышы жоктугун билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG