Ссылки доступа

Казакстандагы террор коркунучунун «сары чеги» узартылды


Казакстандын Антитеррористтик борбору өлкөдөгү террор коркунучунун "сары" чегинин мөөнөтү 2017-жылдын 15-январына чейин узартылганын билдирди.

Коркунучтун «сары» чеги бийлик тарабынан теракт деп бааланган Актөбө жана Алматы шаарларындагы окуялардан кийин киргизилген.

5-июнда бийлик «радикал диний агымдардын» жактоочулары деп атаган адамдар тобу Актөбөдөгү эки курал-жарак дүкөнүн тоноп, андагы Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салышкан. Чабуулдардын жыйынтыгында төрт жай тургун жана үч аскер кызматкери каза болгон.

18-июлда Алматыда жалгыз киши полиция кызматкерлерине кол салып, жыйынтыгында беш киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG