Ссылки доступа

Тажикстанда ант берүү популярдуу оозеки салттардын тизмесине киргизилди


Тажикстандын Маданият министрлиги ант берүү популярдуу оозеки салттардын катарына кошулган өлкөнүн 500 материалдык эмес маданий мурасынын тизмесин жарыялады.

Документтин авторлору өлкө жашоочуларынын арасында пикиринин тууралыгын же өзүнүн күнөөсүздүгүн ант берүү менен гана далилдөө салтка айланганын белгилешкен.

Акыркы жылдары ант берүү Тажикстандын жөнөкөй жашоочуларынын гана эмес, жогорку саясий адамдарынын арасында да популярдуу болуп калган. 2006-жылы Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн президенттин атына ант берүүсү мыйзамдаштырылган. Ошол жылдан тарта кызматка киришип жаткан тажик өкмөтүнүн бардык 17 мүчөсү тең президентке берилгендигин айтып ант бере башташкан. Өз кезегинде өлкө парламентинин депутаттары элге берилүү менен кызмат кыларын айтып ант беришет.

Ошону менен бирге документтин авторлору Тажикстандын 500 материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү, салттуу байланышуу формаларын жана улуттук тамак-аштарды кошушкан. Алар популярдуу, анча популярдуу эмес жана жоголуу алдында турган мурастар деп үч топко бөлүнөт.

Маданият министрлиги тизме илимий иликтөөлөргө, маданият үлгүлөрүн илгерилетүүгө, ошондой эле улуттук окшоштукту бекемдөөгө негиз болуп бериши мүмкүндүгүн белгилешкен.

XS
SM
MD
LG