Ссылки доступа

Түркия качкындар боюнча келишимди бузарын айтып ЕБди кайрадан опузалады


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк жарандары үчүн визасыз режим киргизүүдөн баш тартылса, анда өлкө качкындар боюнча келишимди бузарын айтып Евробиримдикти опузалады. «Же биз бир эле маалда бардык макулдашууларды аткарабыз, же аларды четке жылдыра турабыз», - деп кошумчалады ал.

Түрк тараптын пикиринде, виза режимин жоюу Евробиримдик менен түзүлгөн качкындар боюнча келишимдин бир бөлүгү болуп эсептелет жана ал тез аранын ичинде аткарылууга тийиш.

Өз кезегинде Евробиримдик Анкара визаларды жоюнун башкы шарттары болуп эсептелген бардык критерийлерди аткарган жок деп эсептейт. Алардын бири террорчулукка каршы мыйзамды өзгөртүү. Евробиримдиктин пикиринде, Түркия бийлиги ал мыйзамды саясий атаандаштары менен күрөшүү үчүн колдонууда.

Брюссель менен Анкаранын ортосундагы келишимде деңиз аркылуу Грециянын жээктерине мыйзамсыз келген бардык качкындар кайра Түркияга жөнөтүлүшү керектиги каралган. Макулдашууга ылайык, Евробиримдик ар бир мыйзамсыз мигранттын ордуна түрк тараптан бирден мыйзамдуу сириялык качкынды кабыл алып туруу милдеттемесин алган.

Андан сырткары Брюссель Анкарага 6 млрд евро бөлүп берүүгө макул болгон - бул сумма качкындардын керектөөлөрүнө жумшалышы керек.

XS
SM
MD
LG