Ссылки доступа

"Мисс БУУ-2016" сынагында тажик кийими мыкты аталды


Тажик кызы Шахноз Эроншо “Мисс БУУ-2016” сынагында “мыкты улуттук кийим” номинациясында жеңишке жетишти. Ал алыстан эжеси салып жиберген гүлдүү тебетей, алтын түстүү жип менен Америкада тигилген баркыт кемсел кийип чыккан.

Солт-Лейк-Ситиде өткөн (АКШ, Юта штаты) “Мисс БУУ-2016” сынагында таажы үчүн 16 талапкер күрөшүп, жыйынтыгында биринчиликти Италия сулуусу илип кетти.

Шахноздун айтымында, ал кийип чыккан кийимди Нью-Йорктогу жердеши, дизайнер Заррина тигип берген.

Сынактын соңунда бардык катышуучулар сахнага чакырылганда ал колуна тажик желегин көтөрө чыкты. Тажик сулуусу колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

Быйыл Шахноз Эроншо Нью-Йоркто “эл аралык мамиле” багыты боюнча атайын колледжди аяктады. Ал Дүйшөмбүдө төрөлгөн, 2 жашка чыкканда үй-бүлөсү Орусияга көчүп кеткен. Шахноз 18 жашынан бери АКШда жашайт.

XS
SM
MD
LG