Ссылки доступа

Трамп "радикалдуу ислам" боюнча атайын комиссия түзүү ниетинде


Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп Огайо штатында тышкы саясат тууралуу сөз сүйлөдү. Ал АКШга иммиграциялоого уруксат берилбей турган дүйнө региондорунун тизмесин түзүүнү убадалады.

Дональд Трамп “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөшүүдө Орусия менен кызматташуу ниетинде экенин билдирди.

"Биз өзүбүзгө дос дайындай албайбыз, бирок душмандарыбызды аныктоодо ката кетирбешибиз керек”,-деди ал. Республикачыл талапкер радикалдуу топторго каршы аракеттенүүдө НАТО менен тыгыз кызматташарына ишендирүүдө.

Дональд Трамп эгер президент болуп калса алгач эле “радикалдуу ислам” боюнча атайын комиссия түзөрүн билдирди. Анын пикиринде, Мамлекеттик департамент АКШга иммирацияланууга уруксат ала албай турган дүйнө региондорунун тизмесин түзүүсү керек.

XS
SM
MD
LG