«Ирандын транспорт каражаттары үчүн гана көрүлүп жаткан чаралар эки өлкө ортосунда кол коюлган транспорттук келишимдерге каршы келүүдө жана сөзсүз түрдө Тегеран менен Ашхабаддын ортосундагы соода жана экономикалык мамилелерге таасир этет», — деп билдирди иран аткаминери.
Эми Иран дагы жооп катары Түркмөнстандан келген жүк унаалары үчүн транзиттик тарифтерди жогорулатууга даярданууда.
Жыл сайын Ирандын 75 миңге жакын жүк унаасы Түркмөнстанга кирет, алардын 8 миңге чукулу аймактын башка шаарларына жүк жеткирүү үчүн коңшу өлкөнүн жолдорун пайдаланат. Ошол эле маалда жылына 20 миңге жакын түркмөн жүк унаасы Ирандын аймагына кирип чыгат.
Түркмөнстандын транзиттик тарифтерди жогорулатышы иран ишкерлеринин нааразычылыктарын жаратты, деп билдирген жекшемби күнү өлкөнүн Өнөр жай, тоо кен жана соода уюмдарынын башчысы Хосейн-Коли Гаванлу.