Ссылки доступа

Спортчу Юлия Степанова өмүрүнө коркунуч жаралганын билдирүүдө


Жөө күлүк Юлия Степанова анын кай жерде экенин көрсөтүп турган аккаунту бузулгандан кийин өзү жана күйөөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулганын билдирди. Ал Орусия спортунда допинг колдонулганын алгачкылардан болуп жарыя кылган спортчу болуп саналат. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады.

"Эгер бизге бир нерсе болсо, бул – кокустук эмес деп билгиле", – деди Степанова. Ал ушул тапта кайсы жерде жүргөнүн жашырууда.

Степанова өздүк маалыматы сакталган систамага кимдир бирөө киргенин өткөн ишембиде Бүткүл Дүйнөлүк допингге каршы агенттикке (WADA) билдирген. Августтун башында анын күйөөсү – Орусиялык допингге каршы агенттиктин кызматкери Виталий Степанов жубайларга Интернет аркылуу коркутуулар келип жатканын шардана кылган.

Буга чейин түгөйлөр ARD немис телеканалына орус спортундагы кызытма тууралуу айтып беришкен. Мындан соң WADA иликтөө жүргүзүп, Орусияны допингге каршы тартиптерди бузгандыгы үчүн айыптаган. Орусиялык жеңил атлеттер эл аралык мелдештерден, анын ичинен Рио-де-Жанейродогу Олимпиададан четтетилген.

XS
SM
MD
LG