Ссылки доступа

Назарбаев Путинге Порошенко мунасага даяр экенин билдирди


Казак президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын башчысы Петр Порошенко өлкө чыгышындагы жаңжалды токтотуу үчүн мунасага келүүгө даяр болуп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал кечээ Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда айтып, Украинанын мамлекет башчысы менен жакында телефондон сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Назарбаевдин айтуусунда, Порошенко өлкө парламенти "Украинанын орусиячыл жикчилердин көзөмөлүндөгү чыгыш райондорунун макамы жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууга тоскоолдук кылып жатканын" билдирген.

Путин Назарбаевге Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилени жакшыртууга кошкон ортомчулук салымы үчүн рахмат айтып, соңку кезде төмөндөп кеткен орус-казак товар жүгүртүүсүнүн көлөмү жогоруларына үмүттөнөрүн айтты.

Назарбаев журналисттердун суроолоруна жооп берип жатып жылдын аягына чейин Путин менен кеминде дагы беш жолу жолугарын билдирди. 76 жаштагы казак лидеринин ушуну менен Орусияга соңку төрт жыл ичинде 19-жолу барышы.

XS
SM
MD
LG