Ссылки доступа

Орусия Сирияга алгачкы жолу Ирандагы авиабазадан сокку урду


Орусия Сирияга аба соккуларын жасоо үчүн Иранда жайгашкан аскер учактарын алгачкы жолу колдонду.

Орусиянын Коргоо министрлиги аба соккулары Ирандагы Хамадан авиабазасынан учурулган алыска жетүүчү Ту-22М3 системасынын ракеталары жана Су-34 учактары менен жасалганын билдирди.

Ошондой эле мекеме «Ислам мамлекетинин» Сириянын түндүгүндөгү үч провинцияда жайгашкан объектилери, анын ичинде машыгуу лагерлери менен кампалары да ийгиликтүү кыйроого учуратылганын кабарлады.

Видео

XS
SM
MD
LG