Ссылки доступа

Ташкенттин жаңы прокурору дайындалды


Өзбекстандын башкы прокурорунун буйругу менен Ташкенттин прокурору кызматына юстициянын ага кеңешчиси Батыр Кудратхаджаев дайындалды. Азырынча бул тууралуу маалыматтар Өзбекстандын расмий басылмалары менен Башкы прокуратурасынын веб-сайтында жок.

Бирок «Азаттыктын» өзбек кызматынын жеке булактары билдиришкендей, Ташкенттин прокурору кызматына 2014-жылдан бери Сурхандарьинк облусунда прокурор болуп иштеген 41 жаштагы Батыр Кудратхаджаев дайындалды.

Өзбекстан борборунун прокурору кызматы мурдагы прокурор Мирзохид Абидов Ташкент шаар башчысынын орун басары болуп дайындалган ушул жылдын 11-мартынан бери бош турган. Алты ай бою Ташкенттин прокурорунун милдеттерин убактылуу Мираглам Мирзаев аткарып келген.

Кудратходжаев 2010-2012-жылдары Чыгыш аскер округунун аскердик прокурор кызматында иштеп, 2012-жылдан 2014-жылга чейин Өзбекстандын Аскер прокуратурасынын биринчи орун басары болгон.

XS
SM
MD
LG