Ссылки доступа

Украина: Орусия Крымды аскерий базага айлантууда


Орусия эки жыл мурда аннексиялап алган Крымды аскерий базага айлантууда. Бул тууралуу "5-каналдын" эфиринен Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо кызматынын өкүлү Вадим Скибицкий билдирди.

Ал Орусия Крымга курал жана согуштук техниканын жаңы системасын орнотуп жатканын, Украина үчүн өзгөчө коркунучту өзөктүк курал алып жүрүүчү техника жаратып турганын айтты.

Украин тараптын белгилешинче, Орусия жаңы ракеталык комплекстерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү, аскердик авиацияны күчөтүүчү, Крымдан бүтүндөй Украинага жете алчу ракеталык катерлердин, суу алдында сүзүүчү кайык, фрегаттардын санын көбөйтүүдө.

Скибицкий Орусия тараптан ачык кол салуу ыктымалдыгы бар экенин, курал-жарактын жана аскерий техниканын кыймылы тыкыр көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Бүгүн, шейшембиде украин чалгынчылары Донбасска Орусиядан кезектеги курал-жарак жана техника келгенин, арасында Т-64 танктары жана БТРлер бар экенин маалымдашты. Мындан тышкары Горловка айылында эки радиолокациялык комплекс орнотулганы кабарланууда.

10-августта Орусия Крымда теракт уюштурууну пландаган украин чалгынчыларын колго түшүргөнүн кабарлаган. Бирок Киев муну орус тараптын чагымы деп атаган.

XS
SM
MD
LG