Ссылки доступа

Орусиянын Тергөө комитети руханий колдоочусуна ээ болду


Патриарх Кирилл архангел Михаилди Орусия тергөө комитетинин руханий колдоочусу деп белгиледи.

Мындай өтүнүч менен Орус православ чиркөөсүнүн башчысына Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин кайрылган. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Владимир Маркин билдирди. Анын айтымында, бул «кадрлар курамынын руханий жана адеп-ахлак негиздерин бекемдөө» максатында жасалды.

Маркин ошондой эле диний колдоочуну тандоо Диний жазууларда архангел Михаилдин «адамдар арасындагы мыйзамсыздыкка каршы күрөшүүчү катары, башка бир китепте шайтан менен шектүү күчтөргө каршы согушта колбашчы катары көрсөтүлгөндүгү» менен шартталганын белгиледи.

Тергөө комитетинин өкүлү архангел Михаил Куранда да эскерилерин, ал руханий коргоочунун Түндүк Кавказдын аймактарындагы тергөө органдарында да кадырланышын камсыз кыларын айтты.

XS
SM
MD
LG