Ссылки доступа

Тажикстанда телерадиоканалдардын мазмунун көзөмөлдөө күчөтүлүүдө


ukraine radio microfone
ukraine radio microfone

Тажикстандын өкмөтүнүн токтому менен Телерадиоберүү комитети эфирге чыгып жаткан мамлекеттик жана жеке телерадиоканалдардын берүүлөрүнүн мазмунуна жооптуу болгон көркөм кеңештин ишмердүүлүгүн күчөтүүдө.

Тажик өкмөтү «2017-2021-жылдарга карата теле жана радиоберүүлөрдү даярдоонун негизги багыттары» аталышындагы жаңы токтомду жактырды. Документтин максаттарынын бири өлкөнүн Теле жана радиоберүү комитетинин алдындагы көркөм кеңештин ишмердүүлүгүн күчөтүү болуп саналат. Журналист коомчулугу ал кеңешти совет доорундагы «Главлиттин» үлгүсү болушу мүмкүн деп атап жатышат.

Мындай жол менен бийлик улуттук кызыкчылыктарды коргоп, аларга үгүттөп, ошондой эле телерадиокомпаниялардын берүүлөрүнүн тематикасын көзөмөлдөө ниетинде. Байкоочулардын көбү бул аракеттерди телерадиоканалдарды, анын ичинде мамлекеттик эмес каналдарды ачык ооздуктоо деп эсептешүүдө.

Тажикстан мамлекеттик радиосунун жетекчиси Фаррух Зиёев токтомду «мамлекеттик цензура» деп эсептебейт. Бирок өкмөт «өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын түшүнгөнүн» белгиледи.

Адистердин пикирлеринде, Тажикстандын радио жана телеберүү базары көбүнчө эл аралык талаптарга жооп бербейт. Алардын жалпы көйгөйү каржылоонун, кесипкөй адистердин жана заманбап таркатуу жабдууларынын жетишсиздигинде. Тажикстанда мамлекеттик эмес 72 радио жана телекомпаниялар каттоодон өткөн, алардын көз карандысыз 20 телекомпаниясы менен 16 радиоканалы күн сайын иштейт.

XS
SM
MD
LG