Ссылки доступа

Тажикстан эмгек мигранттары үчүн "жаңы Орусия" издөөдө


Тажикстан өкмөтү бардык мекеме жана түзүмдөргө эмгек мигранттары үчүн жаңы өлкөлөрдү аныктоону тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн атайын токтомунда белгиленген.

Эми Тажикстандын ТИМи эмгек жана билим берүү министрликтери менен бирге мигранттар барып иштей турган өлкөлөрдүн санын арттыруу чараларын көрүүгө тийиш. Ошол эле маалда Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги Орусиядан келген мигранттарга өлкөнүн ичиндеги бош жумуш орундары туурасында кабардар кылып турууга милдеттүү.

Мындай токтом Орусиядан депортация болгон тажик эмгек мигранттарынын саны 300 миң кишиден көп болуп кеткен маалда кабыл алынды. Рубль курсунун төмөндөшү дагы жагымсыз жагдай жаратып, атуулдардын мекенине жапырт кайтуусуна себеп болууда.

Тажик эмгек мигранттары негизинен Орусия жана Казакстанга барып иштешет. Былтыр 311 мигранттын ичинен 305 миңи Орусияга, калган 6 миң жаран Казакстанга иш издеп кеткен.

XS
SM
MD
LG