Ссылки доступа

Риодо курман болгон немис тренери төрт адамдын органы үчүн донор болду


Рио-де-Жанейродо автоавариядан курман болгон Германиянын кайык-слалом курама командасынын тренери Штефан Хенце төрт адам үчүн донор болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.

Немис командасынын насаатчысы таксиде бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Башынан оор травма алган 35 жаштагы тренерди нейрохирургия бөлүмүнө алып барып, операция жасатышкан. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай, устат 15-августта көз жумган.

Рио-де-Жанейро штатынын саламаттыкты сактоо органдары Штефан Хенценин жүрөгү, боору жана эки бөйрөгү башка адамдарга ийгиликтүү салынганын маалымдады.

Хенце 2004-жылы Афинада өткөн Олимпиаданын кош-каное боюнча күмүш байгесинин ээси болчу.

XS
SM
MD
LG