Ссылки доступа

Тажикстан президенти масштабдуу мунапыс сунуштады


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон парламенттин кароосуна жапырт мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун алып чыкты. Ал 12 миңден ашык кишиге тийиштүү болушу мүмкүн.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эркиндикке камактагы үч миңден ашык киши чыгарылып, жеңил жаза алган дагы төрт миңден ашык атуулга ырайым берилиши мүмкүн.

Ошондой эле беш миң адамдын мөөнөттөрү кыскартылып же кылмыш иштери жабылышы ыктымал. Андан сырткары мунапыска кошумча катары аялдар, өспүрүмдөр, 55 жаштан ашкан эркектер, согуштун жана согуштук операциялардын ардагерлери да илиниши мүмкүн.

Мунапыс берилчүлөрдүн тизмесине адам өлтүрүү, терроризм, диний экстремизм сыяктуу оор кылмыштар үчүн соттолгондор киргизилген жок.

Мунапыс 9-сентябрда белгилене турган Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата сунушталды. Депутаттар тарабынан президенттин сунушунун жактырылышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG