Ссылки доступа

Актөбөдө автобус айдоочулары нааразычылык акциясын өткөрүштү


Шаршемби күнү Актөбө шаарында жергиликтүү автопарктын ондогон айдоочулары менен кондукторлору күндүзгү акча төгүү планын жогорулатууга каршы нааразылыктарын билдирип чыгышты. Акцияга 20 чакты киши катышты.

Бирок автобустун кондукторлорунун бири түн ортосуна карата чогулгандардын саны жүздөгөн кишилерге жеткенин айтты.

Алардын айтымдарында, жаңы план айдоочуларды автопаркка мурдагыдай үч эмес, беш миң тенге төлөөгө милдеттендирет. Кондукторлорго жана күйүүчү-майлоочу майга кеткен чыгымдарды алар өз чөнтөктөрүнөн чыгарып жатышат. Айдоочулар мурдагы план калыбына келтирилмейинче 18-августтан тарта жүргүнчүлөрдү ташууну токтотууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кондуктор аял «Азаттыкка» акция өткөн жерде түнгө чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, полиция кызматкерлери жана автопарктын жетекчилиги жүргөнүн айтты.

Облус акимчилигинин бүгүнкү билдирүүсүндө автопарк күндүзгү акча төгүү планын көбөйтүү чечимин кайрадан карап чыкканын жана тараптар бир пикирге келишкенче план мурдагы деңгээлде калтырылганы жазылган. Бүгүн, 18-августта Актөбөнүн шаардык автобустары белгиленген тартипте иштеп жатышат.

XS
SM
MD
LG