Ссылки доступа

Ашхабадда «протоколдук көчөлөрдүн» жашоочуларына чектөөлөр киргизилди


Борбордун Махтумкули проспектисиндеги «Ашхабад» кинотеатрына жакын аймактын жашоочуларын үйлөрүнүн терезелерин кара пленка менен жабууга мужбурлап жатышат. Проспект жергиликтүү бийлик тарабынан «протоколдук көчө» деп табылып, ал аркылуу президент өтүп турмай болду. Коммуналдык кызматтардын жумушчулары баш тарткандардын терезелерин кара май боёк менен сырдап кетишүүдө.

Андан сырткары кирлерди көчө тарапка жайып кургатууга, терезелерди ачууга, ошондой эле аларга желим торчолорду тагууга тыюу салынды. "Бизди күндүзгү жарыктан ажыратып жатышат, биздин үйдө дайыма түн, батирлерди шамалдатуу мүмкүн эмес", — деди Ашхабаддын аталган районунун тургуну.

Жашоочулардын айтымдарында, күн сайын таң атпай полиция кызматкерлери тигил же бул автоунаанын ээлерин табууга аракет кылып, аларды үн күчөткүчтөр менен ойготушат. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкендей, мындай даттануулар Махтумкули проспектисине жакын жайгашкан дагы бир катар көчөлөрдүн жашоочуларынан келип түшүүдө.

«Короо атайын кызматтардын өкүлдөрүнө толгон, алар көчөгө чыгууга уруксат бербей, батирлерде отурууга мужбурлашууда», — деп кошумчалашты арыздануучулар.

Гурбангулы Бердымухамедов Эгемендүүлүк жана Атамурат Ниязов көчөлөрүнүн оңдолуп жатканына байланыштуу Фирюздагы резиденциясынан «Огузхан» ордосуна барчу каттамынын өзгөрткөн. Ошол эле маалда юристтер түркмөн мыйзамдарында «протоколдук көчөлөр» деген түшүнүктүн жок экенин билгелишүүдө.

XS
SM
MD
LG