Ссылки доступа

Өзбек медиктери пахта талааларына даярданышууда


Ташкент дарыгерлерине 3-сентябрдан тарта алар үчүн пахта жыйноо мезгили башталарын эскертишти. Медицина кызматкерлерин талаага кезек менен алып кетип турушат, быйыл алардын ар бири 13-14 күн иштеши керек болот. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтар боюнча, ар бир медицина кызматкери күнүнө 70 килограммдан пахта жыйноого милдеттүү болот, эгер ага жетпей калса «норманы» акча менен толтурууга туура келет.

Медиктердин бири ал иштеген оорукана талаага 42 кишини жөнөтүшү керектигин айтты – алардын арасында дарыгерлер (хирургдар да) менен катар медайымдар да бар. План медициналык мекеменин кызматкерлеринин жалпы санына жараша түзүлгөн. Дарыгерлер талаага өзүнүн ордуна өз чөнтөгүнөн акча төлөп жалданма жумушчуларды да жөнөтө алышат.

Негизинен сырткы аудиторияга багытталган мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүү тууралуу Өзбекстан өкмөтүнүн декларацияларына карабастан дарыгерлерди, анын ичинде башка «бюджеттик» жана жеке ишканалардын кызматкерлерин талаа жумуштарына тартуу ишке ашырылат сыяктуу.

XS
SM
MD
LG