Мунапыс тууралуу мыйзам долбоору Тажикстандын президенти тарабынан 17-августта сунушталып, парламенттин кароосуна чыгарылган. Документ Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата даярдалган. Ага ылайык, 12 миң киши жоопкерчиликтен жана жазадан бошотулат.
Зарафо Рахмони эки жылга соттолгон. Андан сырткары анын эрезеге жете элек төрт баласы бар, ошондуктан ага карата мунапыс тууралуу мыйзам колдонулат, деп кошумчалады булак.
Акыркы жылдары Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын укук маселелери боюнча кеңешчиси болуп келген Зарафо Рахмони былтыр соттолгон. Бийлик аны менен бирге дагы 13 кесиптешин өткөн жылдын сентябрындагы козголоң уюштуруу аракетине күнөөлөнгөн Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын тобу менен кызматташууга айыптаган.
Үстүбүздөгү жылдын июнунда Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн баары узак мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылышкан. Зарафо Рахмони алардын арасында жалгыз аял болгон.