Ссылки доступа

Кыргызстан допингге айыпталып, Риодогу жалгыз медалынан ажыратылды


Спорттук арбитраж соту (CAS) кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюнарында 69 килограммга чейинки салмак категориясындагы мелдеште жеңип алган коло медалынан ажыратты. Мындай маалымат жазылган билдирүү 18-августта таратылды.

Белгиленгендей, анын допинг-тести оң натыйжа берип, стрихнин аттуу кызытманын бардыгы аныкталган. CASтын маалыматына ылайык, Артыков мелдештерден четтетилип, медалынан ажыратылды.

Оор атлетика боюнча Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров «Азаттыкка» андай маалыматтарга ээ эмес экенин билдирди. «Бирок мындай болушу мүмкүн эмес», - деп билдирди ал.

10-августта Иззат Артыков жалпы суммада 339 килограмм (булкуп көтөрүүдө 151 килограмм жана түртүп көтөрүүдө 188 килограмм) көтөрүп, «коло» байге алган. Ал жеткен медаль Кыргызстан курамасынын Риодогу жалгыз байгеси болчу.

XS
SM
MD
LG