Ссылки доступа

«Твиттер» экстремизм үчүн 300 миңден ашык аккаунтту жапты


"Твиттер" социалдык түйүнү бир жыл ичинде терроризм менен экстрмизмди жайылтуу аракети үчүн 360 миң аккаунтту жапты. Алардын 200 миңден ашыгы акыркы жарым жылга туура келет. Бул тууралуу компаниянын бейшемби күнү жарыяланган баяндамасында жазылган.

Анда 2015-жылдын ортосунан тарта аккаунтарды күн сайын жабуунун саны 80 пайызга өскөндүгү белгиленген. Андай көрүнүштөр өзгөчө ири теракттардан кийинки учурларга туура келет. Социалдык түйүндүн жетекчилиги эми аккаунту буга чейин жабылган колдонуучулардын экинчи жолу катталышы оорураак болорун билдиришти.

Компания мындай билдирүүнү «Твиттер» жаштарды өз катарына тартуу үчүн соңиалдык түйүндөрдү колдонгон исламчыларга каршы тиешелүү деңгээлде күрөш жүргүзбөй жатат деген сындарга кабылгандан кийин жасап отурат. «Твиттерде» белгилүү экстремисттик топтордун көбүнүн жеке аккаунттары бар.

XS
SM
MD
LG