Ссылки доступа

Авиасоккулардан аман калган бала Сириядагы согуштун символу болуп калды


Алепподогу авиасоккулардан кийин аман калган баланын сүрөтү ММКлар менен социалдык түйүндөрдө тарагандан кийин ал Сириядагы согуштун белгиси болуп калды.

Аны сүрөткө тарткан журналист бомбалоолордон сегиз киши мерт кетип, алардын бешөө балдар экенин айткан. Сириядагы Адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө борбору соккуларды президент Башар Асаддын армиясынын учактары жасаганын билдирди.

Августтун башында Бириккен Улуттар Уюму Алепподогу абал гуманитардык кыйроого жакындаганын билдирген. Бомбалоолор токтобой жаткан шаарда суу менен электр энергиясын берүү системалары талкаланган. БУУнун Балдар фондунан (ЮНИСЕФ) жайдын ысыгынан жана суунун жоктугунан улам Алеппо шаарындагы балдардын ден соолуктарына олуттуу коркунуч жаралганын айтышкан.

Сириядагы Зомбулуктарды документтештирүү борбору кабарлагандай, өлкөдөгү жарандык согуш он төрт миңден ашык эрезеге жете элек баланын өмүрүн алып кетти. Сирия жаңжалы башталгандан бери анда 280 миңден ашык киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG