Ссылки доступа

Разаков: өзбек милиционерлери чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалды


Өзбекстандык милиционерлер чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалды. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат деп билдирди “Азаттыкка” вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Кыргыз тараптын расмий маалыматы боюнча Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын суу бөлүштүрүүчү жеринде кароолдо турган өзбек милиционери өзүнө тиешелүү аймактан чыгып кеткендиги үчүн 13-августта кармалган. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат деп билдирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттыкка”:

- Өзбекстандык милиционер биздин аймакка чыгып кеткенде Кыргызстандын коргоо бөлүмүндө иштеген милиция кызматкерлери кармашкан. Өзбекстандык милиционер куралдуу болгон. Азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азырынча бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги толук маалымат берүүдөн карманып турат. Ал эми Өзбекстандын маалымат булактарында “Кыргызстандын атайын даярдыктагы “Скорпион” отряды Орто-Токой суу сактагычын кайтарган милиция кызматкерлеринин бут алдына ок атып, аймакка кирүүгө аракет кылышкан” деп жазды.

Бирок суу сактагычты кайтарган Наманган облустук бийлиги да, милициясы да “Азаттыкка” бул маалыматты ырастаган жок. “Скорпион” отряды караган Кыргызстандын Башкы штабы дагы аскерлер чек арада чуу салды деген маалыматты төгүндөп жатат.

Кыргыз өкмөтү быйыл май айында совет заманынан бери Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектти толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алган. Тизме башында Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы турат. Расмий маалымат боюнча суу сактагычтын суу бөлүштүрүүчү жерин өзбекстандык милиционерлер, калган бөлүгүн кыргызстандык милиционерлер кайтарат.

XS
SM
MD
LG