Ссылки доступа

Экс-депутатка таандык ишкана аткезчиликке айыпталууда


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мурдагы депутатына таандык “Мадина-текстиль” ишканасы тарабынан товарлардын Кытайдан аткезчилик жол менен алынып келиниши боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин Бажы кызматы «Бишкек» эркин экономикалык аймагына кирүү маалында жүк унаасынын кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Документтери боюнча унаа эндей кездеме алып келиши керек болчу. Бирок текшере келгенде анда дээрлик 1 миллион долларлык даяр кийимдер бар экени аныкталган.

Бажы кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Жаманак Мусуркановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул факт боюнча кылмыш иши козголду:

Автоунаада Кытайда тигилген спорт шымдар жана чолок шымдар болгон. Бул факт боюнча иш козголуп, айып пул жана тиешелүү бажы алымдар төлөтүлүп коё берилген. Негизи бул өңдүү фактылар аябай эле көп. Жашыруун алып келе жатканда кармалган, же болбосо товардын атын башка кылып жашырып алып келе жатканда тыкыр кароодо аныкталган учурлар бар.

“Мадина-текстиль” ишканасы парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын өткөн жолку чакырылыштагы депутаты Турсунтай Салимовго таандык экени айтылып жүрөт. Ишкана эки жыл мурда «Бишкек» экономикалык аймагында катталган. «Мадинанын» жетекчиси Ришат Насыров даяр кийимдерди тымызын ташып алып кирип жүргөн деген дооматты четке кагып, кармалган товар Кытайдагы өнөктөштөрүнө таандык экенин айтты.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканованын баамында, аткезчиликтин мурдатан бери колдонулуп келе жаткан айла-амалдары азыр деле токтой элек.

«Мурдатан бери келе жаткан схеманы азыр бир аз өзгөртүп, башкачараак кылып жасап жатышат. Эми мындай товарларды эч качан жөнөкөй коммерсант алып келип, салыктан тазалап кайра алып чыга албайт. Андай адамдарды таасирлүү аткаминерлер калкалап турат. Мындан улам экономикабыз ордунда турат, ошол эле учурда кимдир бирөөлөр кирешесин көбөйтүп жатат», - деп кошумчалады ал.

“Бишкек” эркин экономикалык аймакта ушул тушта 400гө жакын ар кандай ишкана бар.

XS
SM
MD
LG