Аминжон Гулмуродзода «Азаттыктын» тажик кызматына эркиндикке бүгүн эртең менен чыкканын жана учурда үй-бүлөсү менен жүргөнүн айтты. Туура бир жыл мурда, 2016-жылдын 18-августунда сот Тажик улуттук университетинин журналистика факультетинин маркум деканы Пайванд Гулмуроддун уулу — Аминджонду документтерди жасалмалоо боюнча эки жылга эркинен ажыраткан.
Кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү бир жылга кыскартылган. Аминжон Гулмуродзода 1989-жылы атасы Пайванд Гулмуроддун жардамы менен туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк алууга күнөөлүү деп табылган. Бийликтин билдирүүсү боюнча, 1998-жылы Аминжон ал күбөлүктүн негизинде паспорт алган.
Аминжон Гулмуродзода документтерди мыйзамдуу негизде алганын айтып, ага карата тагылган айыптоолорду четке каккан. Ал 1982-жылдын 1-январында Дүйшөмбүдө туулган. 2003-жылы ТУУнун журналистика факультетин ийгиликтүү аяктаган. 2002-жылдан бери аталган факультеттин «Калам» гезитинин башкы редактору болуп эсептелет. Кийинчерээк «Факты и комментарии», «Маърифати Омузгор» басылмаларында, «Азаттык» радиосунда иштеген.
Акыркы жылдары Аминжон Гулмуродзода Журналисттик иликтөөлөр борборунун кызматкери болуп жүргөн.