Ссылки доступа

Өлкөдө “Йакын-Инкар” диний агымын жолдоочулар жанданууда


Кара-Кулжа районунунда дааватта жүргөн “Йакын-Инкардын” жети мүчөсү кармалды. Эч кандай уруксатсыз Ислам динине чакырып жүргөндөрдүн арасында жашы жете элек балдар да бар экени аныкталды.

Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алардын дааватка чыгууга уруксат берүүчү тиешелүү кагаздары болгон эмес:

- Чачтары өскөн, кийимдери пакистандык адамдардыкындай болгон жети киши тууралуу жергиликтүү жарандар шектенип, милицияга кабарлашкан. Дааавтчылар чогуу бир унаада райондун Алайкуу өрөөнүндө дин жайылтууну көздөшкөн экен. Тагыраагы, Кытай менен чек аралаш аймакта даават кылмакчы болушкан. Мунун өзү да шек туудуруп жатат. Аларды текшерген учурда жанында өздүгүн аныктоочу эч кандай документтери болгон эмес. Казыяттан же муфтияттан эч кандай уруксат кагазы да болгон эмес. Биздин кызматкерлер алардын өздүгүн аныктоого аракет кылганда алар такыр тескери жооп берип туруп алышкан. Ал тургай түшүнүк кат жазууга да макул болбой коюшкан. Учурда алар кандай багыттагы үгүт иштерин жүргүзүп жатканы такталууда.

“Йакын-Инкар” Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Ага Кыргызстанда эч кандай тыюу салынган эмес.

Кыргызстанда өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “Йакын-Инкар” жамаатынын мүчөлөрү бир-эки жыл мурда алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Алар заманбап турмуш-тиричиликти четке кагып, даават ишинде муфтият көрсөтүп берген айрым тартиптерге баш ийишпейт деген сындар айтылып жүрөт. Айрымдар аларга тыюу салып, ишмердүүлүгүнө мамлекет бөгөт коюшу керектигин да белгилешет.

Кыргызстандагы “инкарчылардын” жалпы саны белгисиз. Алар эң көп жайылган аймак катары Ысык-Көл облусу аталып жүрөт. Буга чейин ушул облустан да бул кыймылдын бир нече мүчөлөрү кармалган болчу. Алар балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу керек, телефон, телевизорлорду колдонбоо керек деген сыяктуу билдирүүлөрдү таратып келишкен.

XS
SM
MD
LG