Ссылки доступа

Өзбекстанда ымыркай саткан эне менен акушер соттолду


Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайды 1000, андан кийин 800 долларга сатууга аракет кылган эне менен акушердин айыбы ачылды. Сот алардын ар бирин төрт жылга түрмөгө кести.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, облустун Бахт шаарындагы төрөткананын акушерине кош бойлуу аял кайрылып, төрөтүүнү жана наристени сатууга жардамдашууну суранган. Дарыгер али жарык дүйнөгө келе элек баланын баасын 1000 долларга бычкан. Бирок акыркы учурга келгенде ал оюнан кайтып, наристени сатып алуудан баш тарткан.

Мындан соң укук коргоо кызматкерлери акушерге бала асырап алууну каалаган кардар катары кайрылышкан. Дарыгер жана аял ымыркайды 800 долларга сатып жаткан маалда колго түшүшкөн.

Сырдарыя соту алардын ар бирин төрт жылга эркинен ажыратты.

XS
SM
MD
LG