Ссылки доступа

Евробиримдик казак оппозиционеринин бошотулушун кубаттады


Казакстандык оппозициячыл саясатчы Владимир Козловдун шарттуу түрдө бошотулушун Европалык тышкы саясат кызматы (ЕВС) жагымдуу жаңылык катары баалады.

“Эл аралык макулдашууларга ылайык, учурда камакта отурган жана эркиндиги чектелген жарандык коом өкүлдөрүнүн укуктары калыбына келтирилип, боштондук алуу үчүн кезектеги кадам жасалууга тийиш",- деп айтылган ЕВС билдирүүсүндө.

Интерфакс маалымдагандай, документте Казакстан менен ЕБ кызматташтыгы жөнүндө макулдашууда адам укуктарын коргоо милдети бар экени эске салынган.

"Көз карандысыз жана жигердүү жарандык коом - өлкөнүн туруктуу өнүгүшүндө чечүүчү мааниге ээ ", - деп баса белгилген ЕВС өкүлү.

Казакстанда тыюу салынган “Алга” оппозицялык партиясынын мурдагы лидери Козлов 2012-жылы октябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылып, мал-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Ал 2011-жылдын 16-17-декабрындагы Жаңы-Өзөн окуяларында социалдык жаңжалды козуткан деп айтыпталган. Анда иш таштаган мунайчыларга жана шаар тургундарына каршы полиция ок чыгарып, натыйжада 16 адам өлүп, 100дөн ашууну жаракат алган. Владимир Козлов жана анын тарапташтары, батыш демократиялык коомчулугу бул айыптоолор саясий кызыкчылыктан улам тагылганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG