Ссылки доступа

Өзбекстанда насос станциясында газга тумчугуп 10 киши каза болду


Өзбекстандын Жизак облусунун Галляаральск районунда насос станциясынын кудугунда он киши газга тумчугуп каза болду. Дагы үч жумушчу Жизак шаардык ооруканасынын жан куткаруу бөлүмүнө жаткырылды.

«Узтрансгаз» акционердик компаниясынын Галляаральск райондук магистраль газ түтүктөрү башкармалыгынын кызматкерлери билдиришкендей, окуя 20-август күнү эртең менен райондук канализациялык насос станциясынын аймагында болгон.

Алардын айтымдарында, андагы кемчиликтерди жоюу үчүн инженерлер, сантехниктер жана куруучулар алты метр тереңдиктеги кудукка биринин артынан бири түшкөн. Бирок суунун үстүңкү бетине топтолгон газга тумчугуп калышкан.

Учурда моторлор жайгашкан кудук убактылуу жабылды. Аймакка окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн Ташкенттен атайын эксперттик топ жөнөтүлдү. Галляаральск магистарлдык газ түтүгү башкармалыгынын жетекчилиги суу моторлору жайгашкан тереңдикте уулуу азот газы топтолгон болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Райондук акимчилик каза болгондорду акыркы сапарга узатуу чыгымдарын толугу менен өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG