Ссылки доступа

Кыргызстан Үңкүр-Тоодон өзбек милиционерлеринин чыгышын талап кылды


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара мекемелери кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакта түзүлгөн кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча жолугушуу Аксы районунун Мамай жергесинде болду. Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү, подполковник Бакытбек Жангазиев катышты. Анда Кыргызстан Өзбекстандын ИИМ кызматкерлеринин такталбаган чек ара тилкесине түшүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берүүнү, ошондой эле аларды тез аранын ичинде чыгарып кетүүнү талап кылды.

Өз кезегинде өзбек тарап буга чейин Кыргызстандын аймагында кармалган Өзбекстан ИИМинин кызматкерин бошотууну талап кылды. Ошондой эле өзбек чек ара кызматынын өкүлү Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы кыргыз милициясынын күзөтүн алуу талабын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап айтылган талаптарды тиешелүү органдар менен түзүмдөргө жеткирүү боюнча макулдашышты. Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы 22-августта Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин алып келип жайгаштырганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG