Ссылки доступа

Грузия Орусия-Армения газ түтүгүндөгү теракттын алдын алды


Грузия ИИМинин Каршы чалгын департаменти 20-августта ири террордук акты жасоого айыпталып жети грузин жараны кармалганын билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун грузин кызматы кабарлады.

ИИМ билдирүүсү боюнча алардын бешөөсү жашыруун жайдан жардыруучу заттар менен атайын куралдарды алып жаткан жеринен кармалышкан. Шектүүлөр алардын жардамы менен Орусиядан Арменияга барчу стратегиялык газ түтүгүнүн таянычтарын жардырууну көздөшкөн.

Дагы бир киши кылмыш тууралуу кабар берген эмес деген айып менен кармалды. Жетинчиси – полициянын учурдагы кызматкери. Ага теракт жасоого даярданууга жардам кылуу айыбы тагылууда.

Каршы чабуул департаментинин расмий өкүлү кармалгандардын бири буга чейин «Украинда көп болгонун», бирок азырынча «анын кимдин буйруктарын аткарып жүргөнү» белгисиз экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG