“Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, айыпталуучулар залга конвойдун коштоосу жок, кишенсиз киришти. Сейтказы Матаев аны колдоо үчүн келгендерге ыраазычылык билдирди.
Журналисттер жараянга киргизилген жок, алар монитор орнотулган башка бөлмөдө соттун жүрүшүнө күбө болушууда.
Сейтказы Матаев мамлекеттик каражатты кымырып алган жана салык төлөөдөн качкан деген шек менен 22-февралда кармалган. Кийинчерээк баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. 28-мартта анын уулу – КазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаев дагы үй камагына алынган. Экөө тең дооматтарды четке кагууда. Бир катар укук коргоочу уюмдар Матаевди бошотууну талап кылып, ишин журналисттик ишмердигине байланыштырууда.