Ссылки доступа

Түркмөнстан мектептери 10 жылдык билим берүүгө кайтышы мүмкүн


Окуу жылынын башталышына 10 күндөн аз убакыт калды, мектептердеги жогорку класстын мугалимдерине болсо окуу пландарын түзбөй туруу кеңеши берилди. Элдик билим берүү башкармалыктары 26-августка чейин сонку чечимди күтө турууну тапшырды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө.

2013-жылдын башында өлкө президенти “Түрмөнстандын билим берүү системасын жакшыртуу жөнүндө” буйрукка кол койгон. Ошондой эле Он эки жылдык орто билим берүү концепциясы бекитилген. Ошол эле жылдын сентябрынан тарта балдар жаңы программа менен окуп башташкан.

Маалыматтар боюнча мектептерде кайрадан он жылдык билим берүүнү алгач күч түзүмдөрү суранган. Себеби 18 жашка толгон уландар окууну бүтпөй, жаздагы армияга чакырылгандар азайган. Түркмөн-ооган чек арасындагы чыңалуу болсо, куралдуу күчтөрдүн санын көбөйтүүнү талап кылууда.

Эми дал ушундай эле өтүнүч менен өлкө башчысына өкмөттүн каржы-экономикалык блогунун өкүлдөрү дагы кайрылууда. Буга чейин президент өзү оор экономикалык жагдайларга байланыштуу чыгымдарды кыскартууну талап кылган. Эми кезек Билим берүү министрлигине жетти. Азырынча мугалимдерди жумуштан кетирүү туурасында сөз жок, бирок окуу сааттарын кыскартуу менен каражатты үнөмдөөгө мүмкүн.

Эгер 10 жылдык билим берүү системасына кайтуу чечими кабыл алынса, жогорку класстын окуучулары кесиптик билим берүүчү жайларга которулушу мүмкүн. Натыйжада алар баары бир 12 жыл окушат. Расмий маалыматтар боюнча жыл сайын мектепти 100 миңдей окуучу аяктап жаткан маалда, кесиптик окуу жайларда 8000дей гана бала тарбияланат.

XS
SM
MD
LG