Ссылки доступа

2017-жылы мамлекеттин карызын төлөөгө 20 миллиард сом бөлүнөт


Бул тууралуу өлкөнүн каржы министри Адылбек Касымалиев 2017-жылдын республикалык бюджетин талкуулоо боюнча коомдук угуу маалында билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын бюджетинин долбоорунда мамлекеттик карыздарды төлөөгө 20,1 миллиард сом каралган.

«Анын 11 миллиард сому тышкы карызды, 9 миллиарды ички карызды жабууга жумшалат. Кийинки жылдары бул сумма өсүп гана турат. 2018-жылы ал 26,9 болсо, 2019-жылы – 29,2 млрд. сомду түзөт», - деди Касымалиев.

Документке ылайык, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн өсүшү 2,9 % жетип, бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сомдон ашат.

XS
SM
MD
LG