Ссылки доступа

Өлкө Кытайга "агып" кеткен алтын кошулмасына кабатыр


Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен “Алтынкен” ишканасы 1170 тонна алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени белгилүү болду. Тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдугу менен биринчи партияны алып чыгып кеткен бул кытайлык компания көлөмү 1800 тонналык кошулманын экинчи партиясын ташып кетүүгө уруксат сураган.

Бул тууралуу билдирген өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов аталган компания алтын тазалоочу фабрикасы бар экенине карабастан, кошулманы өлкөдөн чыгарып жатканын иликтөө үчүн укук коргоо органдарына кайрылды. Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары бул жагдайды бири-бирине оодарышууда.

Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Талды-Булак Сол жээк алтын кенинин изилденген запасы 77 тоннадан ашуун. 2006-жылы “Алтынкен” компаниясы түзүлгөн.

Кытайлык “Цзыцзинь” компаниясы өзүнүн «Суберб Пасифик лимитед» ишканасы аркылуу 2011-жылы “Алтынкен” ишканасынын 60 пайыз үлүшүн сатып алган. Калган 40 пайызы “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасына караштуу. Кытай тарап кенди иштетүүгө 188 миллион юан инвестиция киргизүүнү убада кылган. Алтынды тазалоо фабрикасы былтыр ишке берилген. Бирок компания андан баштапкы үлгүсүн гана чыгарып, 1170 тоннадан ашуун алтын кошулмасынын алгачкы партиясын Кытайга ташыган. Бул алтын кошулмасы ал жактан тазалоодон өткөрүлгөнү жакында гана белгилүү болду.

“Алтынкен” компаниясынын башкы директорунун орун басары Вэн Яфен алтын кошулмасын Кытайга ташуунун себебин жергиликтүү шартта аны тазалап алуунун начардыгы менен түшүндүргөн. Буга чейин “Алтынкен” ишканасы расмий түрдө 600 килограмм алтын өндүргөн. Жыл аягына чейин дагы 200 килограмм алтын өндүрүлө турганы белгиленди. Ошондо өндүрүлгөн 800 килограмм алтындын наркы азыркы баасы менен эсептегенде 35 миллион долларга барабар.

XS
SM
MD
LG