Ссылки доступа

Пара берүүдөн баш тарткан өзбек ашпозчулары Орусиядан депортация болуп кала жаздашты


Өзбекстандын беш жараны Москва шаарынын Митино районунда полиция жана сот кызматкерлери тарабынан кордукка кабылды. Пара берүүнү каалабаган эмгек мигранттарын «Тонг Жахони» эл аралык коммерциялык эмес уюм коргоого алды.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, өткөн ишембиде Өзбекстан жарандары иштеген кафеге аймактык инспектор келип, өзүн тааныштырбастан эле мигранттардын документтерин текшерип кирген. Эч кандай мыйзам бузуулар табылбаган соң, ал ачык эле пара талап кылып баштаган. Бирок мигранттар буга макул болбогондон кийин, ал Өзбекстандын беш жаранын Митино районундагы полиция бөлүмүнө алып кеткен.

Полиция бөлүмүндө мигранттар негизсиз түрдө бир суткадан ашык кармалып турушкан. Мыйзамсыз камоо учурунда аларга тамак берилген эмес жана эки жолу гана ажатканага барууга уруксат алышкан. Дүйшөмбү күнү таң атканда өзбек ашпозчулары райондук сотко жеткирилген.

Өзбек ашпозчулары иштеген кафенин ээлеринин бири «Тонг Жахони» эл аралык коммерциялык эмес уюмуна карйылган. Анын жетекчиси сотко келип, полиция мигранттарды мыйзамсыз кармаганын эскерткен.

Ага карабай, сот өзбек жарандарын залга алдырып келип, аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимди окуп баштаган. Эл аралык уюм Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Андрей Бабушкинге кайрылган соң гана алар бошотулган.

XS
SM
MD
LG