Ссылки доступа

Актөбөдөгү курал саткан дүкөндөр тыкыр көзөмөлгө алынат


Актөбө облусунун жергиликтүү бийлиги аймактагы курал саткан дүкөндөрдү атайын жумушчу топ көзөмөлдөй турганын билдирди. Анын курамына прокуратура, полиция жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрүн киргизүү пландалууда.

Жумушчу топ курал саткан дүкөндөрдүн жана жеке күзөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн текшерип, алардын ишиндеги алешемдиктерди жоюу менен алектенет.

Облус акими прокурордук текшерүү учурунда табылган кемчиликтерди тез арада жоюуга чакырды. Бул үчүн курал саткан дүкөндөр жана жеке күзөт уюмдарга эки айлык мөөнөт берилди.

5-июнда куралдуу кол салууга кабылган Актөбөдөгү “Паллада” дүкөнүнүнүн ээсине өткөн айда “Куралдарды туура эмес сактоо” беренеси менен иш козголгону кабарланган. Жоочулардын чабуулуна кабылган “Пантера” дүкөнүнө болсо 42 миң теңге айыппул салынган.

Актөбөдө 5-июнда куралдуу адамдардын тобу “Паллада” жана “Пантера” курал саткан дүкөндөрүнө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салган. Расмий маалыматтар боюнча төрт жай тургун жана үч аскер кызматкери курман болгон. Алты күнгө созулган атайын операция учурунда чабуулга тиешеси бар делген 18 адам өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG