Ссылки доступа

Тажикстанда темир жол курулуп бүттү


Дүйшөнбү-Курган-Төбө-Куляб темир жолу бүгүн пайдаланууга берилди. Тажикстан президенти, жарандык коом менен интеллигенция өкүлдөрү, жаштар активисттери Дүйшөнбүнүн темир жол вокзалындагы алгачкы поезд менен Куляб шаарын көздөй жөнөштү.

Тажикстан президенти темир жолдун ачылышы тарыхый мүнөзгө ээ экенин белгиледи. Өлкө көз карандысыздыктын 25 жылдыгын майрамдоо алдында турганда эң негизги социалдык-экономикалык долбоорлордун бири жүзөгө ашты.

Эгер мурун Дүйшөнбү-Курган-Төбө жолугун узундугу 432 чакырым болсо, эми анын узундугу 119 чакырымга кыскарды. Бул жолдо жалпы узундугу 3643 метрге барабар өтмөк жана жалпы узундугу 683 метр болгон 8 көпүрө салынды. Адисттер трассанын бул тилкесиндеги бир жылдык экономикалык киреше 46 миллион сомонини түзөрүн эсептеп чыгышкан. Муну менен алдыдагы он жыл аралыгында курулушка кеткен чыгымдар кайтарылат деген божомолдор бар.

Тажик бийлиги темир жолдун ачылышы менен Хатлон облусу коммуникациялык жана экономикалык туткундан кутуларына ишенишет. Өзбекстан 2011-жылы Амузанг-Термез аралыгындагы темир жолун алып салгандан кийин Тажикстан товар ташууда көйгөйгө кептелген. Импорттук өнүмдөр бир нече эсеге кымбаттаган.

Аталган темир жол жабылгандан кийин Хатлон облусунун бийлиги бажы төлөмдөрүнүн эсебинен эле аймак жарым жылда 45 миллион доллар чыгымга учураганын жарыялаган.

.

XS
SM
MD
LG