Ссылки доступа

Үңкүр-Тоо: телемунаранын төрт кызматкери Өзбекстандын РИИБисинде кармалып турат


Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бул тууралуу 23-августтагы сүйлөшүүлөр учурунда маалым болгон.

Өзбек тарап радиорелейлик станциянын кызматкерлери процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кармалганын, алар боюнча чочулоого негиз жоктугун билдиришкен. Үңкүр-Тоо аймагында азыр абал тынч, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууда.

22-августта Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүргөн. Кыргыз тарап Өзбекстандан Үңкүр-Тоого өзбек милициясынын келишине түшүндүрмө сурап, аларды тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылууда.

Буга чейин 13-августта кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Өзбекстандын милиция кызматкери 22-августта Ала-Бука райондук соту тарабынан айыппул салуу менен бошотулуп, өзбек тарапка өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG