Ссылки доступа

Байден: АКШ өнөктөштөрү алдындагы милдеттенмелерден баш тартпайт


Вашингтон НАТО боюнча өнөктөштөрүн коргоо жөнүндөгү милдеттенмелеринен баш тартпайт.  Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жо Байден Ригада сөз сүйлөп жатып билдирди.

Байден кечээ Эстония, Латвия жана Литваны Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер Доналд Трамптын айткандарына көңүл бурбоого чакырды. Мурдараак Трамп эгер АКШ президенти болуп шайланып калса, кол салуу болуп же тышкы коркунуч жаралса НАТОго мүчө өлкөлөрдү коргоо боюнча милдеттенмелеринен баш тартышы мүмкүндүгүн айткан.

Июлда НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери үч Балтика өлкөсү менен Польшанын аймагына куралдуу күчтөрүн жайгаштырууга, ошондой эле аба жана деңиз көзөмөлүн күчөтүүгө макулдугун беришкен.

Байдендин Балтика өлкөлөрүнө болгон сапары 1939-жылдын 23-августунда кол коюлган Молотов-Риббентроп пактысынын 77 жылдыгына туура келди. СССР менен Германиянын ортосундагы ал келишимдин негизинде Эстония, Латвия жана Литва 1940-жылы Советтер Союзу тарабынан оккупацияланган.

XS
SM
MD
LG