Белгилүү болгондой, Өзбекстандагы маалымат каражаттары менен басма ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн агенттиктин жетекчиси 22-августта дүйшөмбү күнү кармалган. Юнусов ал жетектеген агенттиктин алдындагы «Өзбекстан» басма үйүнүн башчысына каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынууда.
Өзбекстандын басма жана маалымат агенттигиндеги масштабдуу текшерүүлөрдүн 2,5 ай мурда эле башталганы кабарланууда. Укук коргоо органдары жүргүзгөн тергөө иштеринин жыйынтыгында «Өзбекстан» басма үйүндө 2,2 миллиард сумдун кем экендиги аныкталган.