Ссылки доступа

Тажик парламенти «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алды


Тажик парламентинин төмөнкү палатасы 24-августтагы кезексиз жыйынында «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамды карап, жактырды.

Тажикстандын социалисттик партиясынын депутаты Абдухалим Гаффоров өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана Социалдык коргоо министрликтери эркиндикке чыгарылгандан кийин дарылар менен камсыз кылынышы керек болгон камактагы оорулууларга көңүл бурушу зарыл экенин айтты.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-августта парламенттин кароосуна «Мунапыс тууралуу» мыйзамды алып чыккан. Ал 9-сентябрда белгилене турган Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата сунушталган.

Президенттин басма сөз кызматы «болжолдуу эсеп менен мыйзам абактагы 12 миң адамга тийиштүү болушу мүмкүндүгүн» билдирүүдө. Алардын ичинде камактагы үч миңден ашык киши эркиндикке чыгарылып, жеңил жаза алган дагы төрт миңден ашык атуулга ырайым берилиши мүмкүн.Ошондой эле иши тергөөдө болгон беш миң адамдын мөөнөттөрү кыскартылып же кылмыш иштери жабылышы ыктымал.

Президенттик администрациянын маалыматы боюнча мунапыс аялдарга, өспүрүмдөргө, 55 жаштан ашкан эркектерге, майыптарга, Улуу Ата мекендик согуштун жана Чернобылдын ардагерлерине, мамлекеттик сыйлык ээлерине жана чет өлкө жарандарына карата да колдонулат.

XS
SM
MD
LG