Ссылки доступа

Москвадагы банк бөлүмүн басып алган адам колго түшүп берди


Шаршемби күнү Москванын борборундагы «Ситибанктын» бөлүмүн басып алган адам болжол менен андагы барымтага алынган адамдардын баарын бошотуп, колго түшүп берди. Алардын бири ТАСС агенттигинин башкы редакторунун орун басары Глеб Брянский болуп чыкты.

Кол салган адам жардырам деп коркуткан жанындагы кутучада туз салынган экен. Анын ким экени аныкталды, ал банкрот болгон 55 жаштагы ишкер Арам Петросян.

Буга чейин ал YouTubeга Орусиянын президентине жасаган видеокайрылуусун жарыялаган. Анда мамлекеттик деңгээлде жеке жана юридикалык тараптардын банкроттугун оору деп таанууну, ошондой эле банкроттук көйгөйү боюнча жаңы институт түзүүнү талап кылган. Андай болбосо ал Кылмыш кодексин «резонанстуу» бузарын айтып коркуткан.

​"Интерфакстын" маалыматы боюнча ал салык төлөөдө крызы бар эки фирманын башкы директору болуп эсептелет.

Буга чейин "Ситибанктын" бөлүмүнө белгисиз адам кирип баргандыгы кабарланган. Ал имаратты жардырып жибере турганын айтып коркуткан.

Адамдарды барымтага алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG